Сенин кайсыл жериңден жаздык, сага эмне болду, эмнеге ачууланып коркутасың? Сенин текеңди сойдукпу? Түнөрбөй, каарданбай айтсаң боло? - деп, Карачалга тике айтууга эч ким чыкпады («Ала-Тоо»).
Сага кайсыл жерибизден жаздык, сага эмне болду, эмнеге ачууланып коркутасың деген мааниде айтылат. Чоң эне Динарга бурулду: – Эмне эле туйтуңдап калгансың. Сенин текеңди сойгон кишиң барбы? (Сыдыкбеков). Сенин текеңди сойдукпу? Түнөрбөй, каарданбай айтсаң боло? – деп, Карачалга тике айтууга эч ким чыкпады («Ала-Тоо»). В.: Текеңди ким сойду? Ой, жолуң болгур десе, мынча түнөргүдөй текеңди ким сойду? («Чалкан»). Текеңди бирөө сойдубу? И, эмне болуп кетти, текеңди бирөө сойдубу? («Ала-Тоо»).